АТРОФИЯ
АТРОФИЯ (лат. atropheо ‒ тамаксыз ) ‒ организмдин айрым мүчөлөрүнүн же ткандарынын кичирейиши, соолушу жана алардын аткарган кызматынын бузулуп, биротоло токтошу. Ал ар кандай себептерден болуп, айрыкча денеде ассимиляцияга караганда диссимиляция процесси басымдуу болгондо келип чыгат. Анын физиологиялык, патологиялык жалпы жана чектелген түрү болот. Физиологиялык Атрофияга улгайган кишилерде жаш өткөн сайын мээнин, ички органдардын, жыныс бездеринин, сөөктөрдүн кичирейиши, теринин жукарып, бырышуусу ж. б. кирет. Патологиялык жалпы Атрофия дене жетишсиз тамактанганда, узакка созулган ооруларда же ууланганда, борбордук нерв системасынын, ички бездердин иштешинин бузулушунда ж. б. байкалат. Денедеги орган жана ткандарга кандын такай аз барышы, кээ бир жугуштуу, шал (полиомиелит) оорусунда ж. б. нерв системасынын ооруларында буту-колдун узакка кыймылсыз абалда болушу, кырсыктар чектелген Атрофияга алып келет. Кандайдыр бир дене мүчөсүнүн Атрофиясы анын функциясынын бузулушу менен байланыштуу, мисалы, көрүү нервинин Атрофиясында сокур болуу, мээге кан куюлганда дененин бир бөлүгүнүн шал болуусу мүмкүн. Патологиялык Атрофиянын себептерин ачып, өз убагында дарыласа жабыркаган органдар жана ткандар мурунку калыбына келиши ыктымал. Өтүшүп кетсе дарылоо натыйжасыз.