АТОМ ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:53, 27 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТОМ ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫ (АЭС) ‒ ядролук энергияны электр энергиясына айландыруучу курулуштардын комплекси. АЭСте ядролук реактордогу кээ бир оор элементтердин, негизинен уран (233U, 235U), плутоний (239Рu) ядролорунун бөлүнүшүнүн уланма реакциясынын натыйжасында пайда болгон жылуулук кадимки эле жылуулук электр станцияларындай электр энергиясына айландырылат. Урандын же плутонийдин 1 г изотобу бөлүнгөндө 22,5 МВт.ска жакын энергия бөлүнүп чыгат. Бул 2,8 т шарттуу отунду жакканда алынуучу энергияга барабар. АЭСтер ядролук энергетиканын негизин түзөт. Дүйнөдөгү эӊ биринчи кубаттуулугу 5 МВт болгон АЭС Россиянын Обнинск шаарында ишке киргизилген. Азыркы кезде иштеп жаткан АЭСтердин жалпы кубаттуулугу 6 ГВттан ашык. АЭСтерде көп учурда жылуулук нейтрондору менен иштөөчү реактордун 2 түрү: тулкулук суу-суулук реакторлор жана каналдык графит-суулук реакторлор колдонулат. Жылуулук алып жүргүчтүн түрүнө жана агрегаттык абалына жараша АЭСтин термодинамикалык мерчеми тандалат. Көпчүлүк АЭСтин электр жабдуулары кадимки жылуулук электр станциясындагыдай эле болот.