АТЛАНТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:00, 27 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТЛАНТА ‒ АКШнын түштүк-чыгышындагы шаар. Жоржия штатынын администрация борбору. Калкы 447,8 миӊ (2013; агломерациясында 5,5 млн). Пидмонт бөксө тоосунда жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык Хартсфилд-Жексон аэропорту бар. Атланта ‒ Түштүк АКШнын ири соода-финансы, өнөр жай борбору. Электроника, химиялык, целлюлоза-кагаз өнөр жайы, автомобиль («Женерал моторс», «Форд»), «Локхид-Мартин» (авиа) заводдору, «Кока-Коланын» штаб-квартирасы (музейи менен), авиакомпания («Дельта эйрлайнз» ж. б.) бар. Жыл сайын ярмаркалар өткөрүлөт.
Терминус деген ат менен 1837-жылы негизделген. 1845-жылдан Атланта аталат; 1847-жылдан шаар. Пахта сатуунун борбору болгон. 1868-жылдан штаттын борбору. Архитектура эстеликтерден Капитолий имараты (1884‒1889), асман мелжиген имараттар (1929) бар. Фернбанк илимий борбору, 4 университет, технологиялык институту, медициналык ири борборлор жана клиникалар иштейт. Искусство жана археологиялык, асем-өнөр искусство музейлери, Искусство, Президент Картер, аскерий мемориалы, М. Лютер Кинг (Нобель сыйлыгынын лауреаты), улуттук тарыхый борборлору; Панорама, Пидмонт паркы, Стон-Маунтин дүйнөдөгү эӊ ири тоо паркы, зоопарк бар. 1996-жылы XXVI Олимпиада оюну өткөрүлгөн. АКШдагы эӊ ири үстү жабык стадион курулган.