АТЛАНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:58, 27 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТЛАНТ‒ 1) байыркы грек мифологиясында асманды желкесине көтөрүп турган титан-алп; Ал титандардын кудайларга каршы күрөшүнө катышканы үчүн Зевстин буйругу боюнча ушул жазага тартылган; 2) имараттарды, порталдарды жасалгалоодо архитектуралык дубалга же колоннага кошо тургузулган эркектин статуясы.

Санкт-Петербургдагы Жаӊы Эрмитаж дын портик атланттары (1844‒49).

Атлант балкондордун жана эркерлердин тирөөчтөрү катары орнотулат. Мындай скульптуралык ыкма Байыркы Грекияда (б. з. ч. 5‒4-кылым) пайда болуп, 17‒20-кылымдардын архитектурасында кеӊири орун алган (Франция, Тулондогу ратушанын Атланты 1955‒57-жылдар, скульптору ‒ П. Пюже; Санкт-Петербург дагы Жаӊы Эрмитаждын портигинин Атланты 1844‒49-жылдар, скульптору ‒ анын ичинде Теребенев).