АТРАЗИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
С8Н14 N5С1 ‒ ак кристалл түрүндөгү гербицид. Сууда начар эрийт, көпкө сакталат. Негизинен жүгөрү, таруу айдоо талааларында, жүзүмзарда, алма, алмурут багында отоо чөптөрдү жок кылуу үчүн колдонулат. А. топуракта жай ажырайт. Жазында гектарына 2 кг А. чачылган жүгөрү же таруу эгилген талааны тереӊ айдап, ага күздүк эгин, кийинки жылы жаздык эгин, буурчак сепсе, тамеки, картошка тиксе болот, бирок кызылча, уй беде себүүгө болбойт. Бир га жерге 2 кгдан көп чачылса күздүк себүүгө жарабайт, кийинки жылы жүгөрү, картошка ж-а беде гана эгүүгө болот.