БАБА ТИЛ
Jump to navigation
Jump to search
БАБА ТИЛ, н е г и з т и л ‒ тектеш тилдердин жалпы негизи деп эсептелген жана анын эзелтен жашап өткөндүгү болжолдонгон эӊ байыркы тил (мис., жалпы орус баба тили; жалпы славян баба тили; жалпы урал-алтай баба тили; жалпы алтай баба тили ж. б.). Тескерисинче, тил илиминде тилдердин бир тектен таралыш теориясын колдобой, бара-бара чачыраган тилдик көрүнүштөрдүн топтолушунан пайда болгон деген болжолдуу көз караш да бар. Б. Орузбаева.