АТАМАНОВА Ольга Викторовна
Jump to navigation
Jump to search
АТАМАНОВА Ольга Викторовна (1962-жылы туулган, Россия Федерациясы, Иркутск шаары) – техника илимдеринин доктору (2004). 1984-жылы К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн. Эмгек жолун Кыргыз мамлекттик жерди долбоорлоо институтунда инженер болуп баштаган. Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы прибор жасоочу заводдо инженер. Кийин жогорку окуу жайларында улук окутуучу, доцент; КР СУда профессор, кафедра башчысы. Атаманова 205 илимий эмгектин, анын ичинен 4 монография, 5 окуу китеби, 14 патенттин автору.