АТООЧТУК СӨЗ АЙКАШТАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
‒ багындыруучу (негизги) түгөйү (компоненти) көбүнчө зат атоочтордон, аз да болсо сын атооч, сан атооч, ат атооч, тактоочтордон болгон сөз айкаштары (мис., алтын шакек, жүзүмдүн ширеси, элге жакшы, окуучулардан бешөө, түшүмгө мол, келгендердин кимиси). А. с. а-нын багыныӊкы түгөйүнүн кызматында сын атооч, сан атооч, зат атооч, ат атооч, тактоочтор, тууранды сөздөр, атоочтуктар болуп, багындыруучу түгөйдүн ар түрдүү белгилерин көрсөтөт (мис., жашыл талаа, жыйырма бала, жыгач күрөк ж. б.). А. с. а-нын түгөйлөрү өз ара ыкташуу, таандык байланыш ж-а башкаруу жолу м-н байланышат.