АТАЛАШ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:03, 26 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТАЛАШ‒ атасы бир, энеси башка бир туугандар. Көчмөн турмуштун шартында кыргыздарда көп аял алуу салты өкүм сүргөндүктөн, бир эркектин бир нече аялынан төрөлгөн балдары Аталаш деп аталган. Аялы өлгөн же ажырашкан эркек башка аял алса, анын баштагы жана жаӊы аялынан тапкан балдары да Аталаш болот.