АТООЧТУК
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ этиштин кыймыл-аракетти заттын белгиси, касиети катары көрсөтүп, граммат. жактан этиштик да, атоочтук (зат, сын) да маанини туюнтуп, сүйлөмдө баш ж-а айкындооч мүчөлөрдүн милдетин аткаруучу формасы. Ал этиштик негизге ‒ган, ‒ар, ‒бас, ‒оочу/уучу, ‒а, е, й + элек, ‒гыс ж. б. мүчөлөрдүн жалганышы аркылуу жасалат (мис., Бийик өскөн гүл. Бирөө билгенди бирөө билбейт. Айыгар дарттын дабасы өзү табылат). С. Мусаев.