АСЫЛБАШЕВ Мелисбек Өмүрбекович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:35, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСЫЛБАШЕВ Мелисбек Өмүрбекович (7. 5. 1947-жыл, Чүй облусу, Сокулук району, Жыламыш айылы ‒ 15. 8. 2014 -жыл, Бишкек шаары) ‒ бийчи, балетмейстер. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1995). Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер (1991). Москва шаарында өткөн эл аралык конкурстун лауреаты (1980). 1967-жылы Ленинград шаарындагы профессор В. Я. Ваганова атындагы Бий академиясын бүтүргөн. 1967-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында чыгармачылык жолун баштаган. Ф. Шопендин «Шопенианасынан», П. Чайковскийдин «Щелкунчигинен», «Ак куу көлүнөн», «Уйкудагы сулуудан», Б.Асафьевдин «Бахчисарай фонтанынан» классикалык жеке партияларды, айрыкча Л. Минкустун «Дон Кихотунан» Эспаданын, К. Молдобасановдун «Куйручук» аттуу балет-комедиясындагы Молдонун партияларын жогорку чеберчиликте аткарган. Ж. Бизенин бир актылуу «Кармен сюитасында», П. Чайковскийдин «Ак куу көлү» балетинин биринчи көрүнүшүндө классикалык балеттин стилин кылдат сезген

АСЫЛБАШЕВ13.png

хореограф катары таанылган. 1967‒1990-жылдары театрдагы алдыңкы бийчилерден болуу менен режиссёр-хореограф катары Э. Жумабаевдин «Жомоктон соӊ», «Саадак какты», С. Полуэктовдун «Биринчи мугалим» балеттерин койгон. 1983-жылдан Кыргыз улуттук филармониясынын «Акмарал» бий ансамблинин көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери болуп эмгектенген. К. Молдобасановдун «Манастын кошуну», «Тамаша», «Жаштар бийи», лирикалык «Ак куу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миӊ кыял», «Түрк элдеринин музыкасы» сыяктуу ондогон бийлерди койгон. М. Асылбашев жетектеген «Акмарал» бий ансамбли Монголияда, Португалияда, Пакистанда, Германияда, Индияда, Францияда, Малайзияда, Америка Кошмо Штаттарында жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүндө гастролдо болгон. Францияда өткөн эл аралык музыка жана бий фестивалынын алтын медалын жеӊип алган. Медалдар менен сыйланган.

Б. Алагушов.