АСТРАХАНЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:43, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТРАХАНЬ ‒ Россия Федерациясындагы шаар, Астрахань облусунун администрациялык борбору. Волга дарыясынын дельтасында жайгашкан. Волга менен Каспийдеги маанилүү порт. Калкы 532,7 миӊ (2015). Темир жол тоому. Башкы өнөр жай тармактары: жеӊил, тамак-аш (анын ичинде балык), машина куруу жана металл иштетүү (кеме куруу жана ремонттоо, тепловоз ремонттоо), химиялык, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз өнөр жайы өнүккөн. Темир жолдон деӊиз жана дарыя транспортуна жүк (негизинен жыгач материал жана нефть) өткөрүү жана жүк алуу пункту жайгашкан. Астраханда 20 ЖОЖ (филиалдары менен), 3 театр, сүрөт галереясы, тарыхый-архитектуралык музей-корук бар. 13-кылымдан белгилүү. 16-кылымдын башында Астрахань хандыгынын борбору, 1556-жылдан орус мамлекетинин карамагына өткөн. Успенье жана Троица соборунан турган кремль (16-кылымдын аягы 17-кылымдын башы) сакталган.