АРТЕРИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:37, 18 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АРТЕРИИТ to АРТЕРИТ) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРТЕРИТ – артерия кан тамырларынын каптал беттеринин сезгениши. Артериттин катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган Артерит жугуштуу оору менен (баш келте, ич келте, сепсис, грипп ж. б.) ооругандан кийин болот. Мында артерия капталынын серпилгичтиги жана булчуң талчалары бузулат, капталында жабышкан тромб пайда болот. Ириңдүү Артерит абдан коркунучтуу, анда артерия капталы чирип, айрылат же аневризмага. учурайт. Өнөкөт Артерит туберкулёз, котон жара, аш казандын жарасы ж. б. ооруларга чалдыккандарда байкалат.