АРТЕМИДА ХРАМЫ
Jump to navigation
Jump to search
АРТЕМИДА ХРАМЫ– гректердин аял Кудайы Артемидага арналып, Кичи Азиядагы Эфес шаарында курулган храм. Мрамордон салынган. Анын курулушу 120 жылга созулуп, б. з. ч. 550-жылы ченде бүткөн. Храм өтө асем кооздолгондугу, кымбат баалуу буюмдарынын молдугу менен атагы чыккан. Артемида храмы кийин бузулуп жок болуп кеткен.