АРСЫ БАРИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:37, 18 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРСЫ БАРИТ КЕНИ – Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 17 км түндүктө, деңиз деңгээлинен 2500 м бийиктикте. 1955-жылы геологиялык изилдөө жүргүзүлгөн. Кен Арсы тектоникалык жаракасынын чегинде жайгашып, 6 кмге чейин созулат жана түндүк-чыгыш жагында бир топ майда жаракаларга тарамдалган. Кенташ (руда) тулкулары жарака тарамдары менен чектелип, кеңдик линза (багытындагы) тарамдарын түзөт. Мында кварц-бариттүү эки кенташтык тарамы чалгындалган. Бул эки тарам тереңдикте бири-бирине кошулат, экөөнүн жалпы калыңдыгы 17,1 м. Бариттин кенташ тарамдарындагы өлчөмү 10–12%ти түзөт. Барит майлуу боёкторду жасоого, литопан өндүрүүгө, бургулоого колдонулуучу суюктукка пайдаланууга жарамдуу. Кенташтын запасы C2 категориясы боюнча 1124 миң т, бариттин запасы 122,8 миң т.