АТОМ
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ хим. элементтин касиеттерин сактоочу эӊ майда бөлүкчө. Ар бир хим. элементке өзүнө гана тиешелүү А. туура келет, о. эле өзүн түзгөн бөлүкчөлөрдүн (протон, нейтрон, электрон ) саны ж-а ат. массасы м-н айырмаланат. А. эркин (газда) ж-а байланышкан абалда болот. А-дор өз ара түздөн-түз же молекуланын курамындагы А. м-н байланышып, суюк же катуу заттарды пайда кылат. А-дун физ. ж-а хим. касиеттери анын түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү м-н аныкталат. А. оӊ электр заряддуу оор ядродон ж-а анын айланасындагы жеӊил бөлүкчөлөр ‒ терс электр заряддуу кабыкчаны түзүүчү электрондордон турат. А-дун өлчөмү анын электрон кабыкчасынын өлчөмү м-н аныкталат ж-а ядрого караганда А. кыйла чоӊдук кылат (А-дун сызыктуу өлчөмү 10‒8 см, ядронуку 10‒12 ‒ 10‒13см). Электрон катмарынын так белгиленген чеги болбойт ж-а А-дун өлчөмү аздыр-көптүр аны aныктoo ыкмасына жараша болот. Ядронун заряды А-дун негизги мүнөздөмөсү ‒ ал белгилүү элементке тиешелүү болот ж-а абс. мааниси б-ча электрондун зарядына барабар. А. электр заряды нейтралдуу система: +eЯ заряддуу (+е заряддуу Я протону бар) ядро жалпы заряды ‒eЯ болгон Я электронду кармап турат, б. а. атомдогу жалпы заряддардын суммасы нөлгө барабар. Бир же бир нече электронун жоготкон А. оӊ ион, электронду өзүнө кошуп алган А. терс ионго айланып, нейтралдуу ж-а анын иону хим. элементтин символу м-н белгиленет. Бирдей сандагы электрону бар А-дор же башка элемент тердин иондору изоэлектрондуу катарды түзөт (мис., суутек сымал катар Н, Не+, Li2+…). А. ядро зарядынын элементардык зарядына эселүүлүгү ядронун түзүлүшү м-н түшүндүрүлөт. Анын курамы +е зарядга, о. эле нейтралдуу бөлүкчө ‒ нейтронго ээ. Ядронун өлчөмү өтө кичине ж-а массасы өтө чоӊ болгондуктан, тегерегинде айланып жүргөн N электрондордун системасы кaтapы каралат. Мындай системанын толук ички энергиясы бардык электрондордун кинетикалык энергиясы м-н электрондордун ядрого тартылуу ж-а бири биринен түртүлүү энергиясы нын суммасына барабар. Эӊ жөнөкөй учурда ‒ суутек атомунда ‒е заряддуу бир электрон +е заряддуу ядрону айланып жүрөт. Сырткы электрондордун саны А-дун магниттик касиеттерин аныктайт. Жуп сандуу электрону бар А-дун магниттик моменти нөлгө барабар. Так сандуу электрону бар А-дун магниттик моменти нөлгө барабар эмес ж-а парамагниттүү болот (к. Парамагнетизм. ). Магниттик моменттери нөлгө барабар эмес А-дорго сырткы магнит талаасы таа
сир кылат (к. Зееман эффектиси.). Бардык А-дор диамагнетизм касиетине ээ: ал сырткы магнит талаасынын таасиринен А-до кошумча магниттик моменттин пайда болушуна байланыштуу. А. иондошкондо, б. а. андан электрон бөлүнгөндө сырткы электрон кабыкчасы м-н аныкталуучу бардык касиети өзгөрөт: электр талаасында поляризациялануу жөндөмдүүлүгү азаят, энергия деӊгээлдеринин ортосундагы аралык ж-а алардын бири бирине өтүү жыштыгы чоӊоёт ж. б. Байланышкан абалдагы А-дун касиети эркин А-дун касиетинен айырмаланат, к. Атом физикасы.
Ад.: Фоно У., Фоно Л. Физика атомов и молекул. М., 1980. Шпольский Э. В. Атомная физика. 7-изд., Т. 1‒2, М., 1984.