АРОМОРФОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:42, 18 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАМОРФОЗ (гр. airo – көтөрөм жана morphosis - үлгү, форма), арагенез – эволюциянын жүрүшүндө организмдердин түзүлүшүнүн жана кызматынын татаалданып өзгөрүшү. Ал организмдин зат алмашуусунун тездеши, физиологиялык функцияларынын туруктуулугу, сырткы маалыматтарды өздөштүрүү көлөмү жана аны анализдөө жөндөмдүүлүгү менен коштолот. Ароморфоз бир эле эволюциялык механизмдер – табигый тандалуу жана тукум куума өзгөргүчтүк менен шартталып, жалпы адаптациянын бир түрү болуп эсептелет. Бул концепцияны А. Н. Северцов иштеп чыккан (1925). Аромофозго жаак ооздуу омурткалуулардын тегинде жаактын, сөөктүү балыктарда бакалоор жапкагынын, куш менен сүт эмүүчүлөрдө жылуу кандуулуктун (гомойотермия) пайда болушу мисал болот. Ароморфоздун натыйжасында организмдер сырткы чөйрө ресурстарын пайдаланууда жаңы сапаттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, жаңы чөйрөгө өтүү, жаңы түрлөрдүн пайда болушу ж. б. келип чыгат, мисалы, байыркы сөөктүү балыктарда өпкөнүн пайда болушу.