РАЙЫМКУЛОВА Искра

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:32, 15 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search


РАЙЫМКУЛОВА Искра (1937-жыл, Чүй облусу, Кемин району, Шабдан айылы – 8. 8. 2021-жыл, Бишкек шаары) – кыргыз театр жана кино искусствосунун көрүнүктүү таланты, актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2010), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти.

Сүрөт.jpg


Чыгармачылык жолу

Алгачкы чыгармачылык башатын 1957-жылы Кыргыз улуттук Т. Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында актриса болуп баштаган. Адегенде театрга травести (балдардын ролун ойногон артист) катары кызматка алынган Искра Райымкулова чыгармачылык таржымалынын ичинде Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында отуздан ашуун балдардын образын жараткан. Ошонун ичинен өзгөчө анын Б. Жакиевдин «Атанын тагдыры» спектаклиндеги Жеңишбеги легендарлуу образга айланган.

Кыргыз театрынын травестилеринин ичинен И. Райымкулова балдардын тарыхта кала тургандай образдарын чоң чыгармачылык эргүү менен жараткан. Ага чейин эле травести катары балдардын ролдорун ойноп көрүшкөн, бирок Искрага чейинки да, андан кийинки да бир дагы бирөө ал көтөрүлгөн бийиктикке көтөрүлө албаган. Актрисанын чыгармачылык өмүрү жалаң гана балдардын ролун аткаруу менен чектелген эмес ал репертуарындагы ондогон образдарды ийгиликтүү жаратканга жетишкен.

У. Шекспирдин «Ромео жана Жульеттасында» Жульеттанын образын, анын ички дүйнөсүнүн назиктигин укмуштай сүрөттөгөн, Жульеттадан кем калбаган образдардын бири – «Бернарда Альбанын үйүндөгү» Амелиянын образы.

Ушул сыяктуу чоң чыгармачылык эргүүдөн жаралган образдарды Искра Райымкулованын чыгармачылык таржымалынан арбын учуратууга болот. Алсак: У. Шекспирдин «Король Лиринде» Корделиянын, М. Каорунун «Уурдалган өмүрүндө» Кэйдин, В. Делмардын «Эртеңкиге ордуңду бошот» чыгармасында Люсейдин, Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолунда» Алимандын жана башкалардын образдарды жогорку чеберчиликте аткарып, көрүүчүлөрдүн арзуусуна алкыган.

Ал эми кыргыз киноискусствосу жаатында «Алымкан» көркөм тасмасындагы Алымкандын, «Каныбек» жана «Он үчүнчү небере» кинотасмаларында башкы каармандардын образын ийгиликтүү жараткандыгын атоого болот

И. Райымкулованын маданият жана искусство тармагында өчпөс из калтырган, кыргыз улуттук театр жана кино көркөм өнөрүнө кошкон зор салымы эске алынып, мамлекетибиз тарабынан эмгеги жогору бааланып, көптөгөн сыйлыктар, мамлекеттик наамдар ыйгарылган.


Театрдагы негизги ролдору

  • Аня (К. Маликов, «Бийик жерде»)
  • Жеңишбек (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры»)
  • Маша (С. Алешин, «Палата»)
  • Корделия (У. Шекспир, «Король Лир»)
  • Төрөкан (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»)
  • Алиман (Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу»)
  • Алтынай (Ч. Айтматов, «Менин биринчи мугалимим»)
  • Мунарбек (Ж. Садыков, «Табышкандар»)
  • Азимгүл (Т. Абдумомунов, «Каркыралар кайтканда»)
  • Витя (Б. Өмүралиев, «Унутулгус күндөр»)
  • Бала (У. Шекспир, «Азоого чалма»)
  • Хунг (Т. Абдумомунов, «Таалай гүлдестеси»)
  • Кэй (М. Каору, «Уурдалган өмүр»)
  • Жульетта (У. Шекспир, «Ромео менен Жульетта»)
  • Амелия (Гарсиа Лорка, «Бернарда Альбанын үйү»)
  • Врач (Т. Абдумомунов, «Кадырлаштар»)
  • Мас аял (Б. Жакиев, «Күттүргөн жаз да келээр»)
  • Люсей (В. Дельмар, «Эртеңкиге ордуңду бошот»)
  • Халида (А. Абдуллин, «Он үчүнчү башкарма»)
  • Башорат (Саид Ахмад, «Келиндер козголоңу»)
  • Сыпайы кемпир (Б. Жакиев, «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай»)
  • Эмчи кемпир (Ж. Садыков, «Сейтек» («Элим, ай»)
  • Бурма (С. Алтымышев, «Таң булбулу») ж.б.

Тартылган кинолору

  • «Алымкан»
  • «Каныбек»
  • «Он үчүнчү небере» жана башкалар.