АРИСТОКСЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:23, 15 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИСТОКСЕН Тарентский (б. з. ч. 360, Таранто - б.з.ч. 300, Греция, Афины) – байыркы грек философу, Аристотелдин окуучусу, перипатетиктер мектебинин өкүлү. Ал «Гармониянын элементтери», «Ритмиканын элементтери» эмгегинде пифагорчулардын окуусун перипатетиктердин окуусу менен бириктирүүгө, айкалыштырууга аракет кылган, музыка жана ритм жөнүндө байыркы спекулятивдик математикалык окууну түзгөн. Перипатетиктик методду колдонуу ар­кылуу, көп кылымдар бою искусствого таасирин тийгизген, музыкага киришүү синтезин түзгөн жана жандын, дененин байланышын музыкалык гармо­ния, лиранын катыштары менен салыштырган. Аристоксен – философтордун таржымалын же пифагор­чулардын чыгармачылыгы тууралуу монографиялардын сериясын түзүүчүлөрдүн бири. Анын көз караштары азыркыга чейин талкууланып келет.