АРГЫН
Jump to navigation
Jump to search
АРГЫН, гибрид (лат. hybrida – аргын, чалыш) – өсүмдүк сортторун чаңдаштыруудан жана малдын түрдүү породаларын аргындаштыруудан алынган түр. Алынган Аргындын көп касиети тукум кууп, чөйрө шарттарына жакшы ыңгайлангандыктан өсүмдүктүн түшүмдүүлүгү, малдын кунардуулугу, тукумчулдугу кыйла жогорулайт. Аргындан баалуу жаңы сорттор, породалар чыгарылат, к. Аргындаштыруу.