АТМОСФЕРА ОПТИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
атмосфера физикасынын жарык нурларынын абада чачырашы нан, сиӊирилишинен, сынышынан, чачылышы нан ж-а дифракциясынан пайда болгон оптикалык кубулуштарды изилдөөчү бөлүгү. Адамдын көрүү сезими аркылуу кабыл алынуучу абадагы көрүнүш атм-дагы оптикалык кубулуштар деп аталат. Аларга асмандын жарык болушу ж-а анын шоолалары, таӊдын атышы, күүгүмдүн кириши, жылдыздардын жымыӊдашы, мираж, мунарык , гало, көк желе, уюлдук жаркыроо ж. б. кирет. Атм-дагы нур энергиясы нын негизги булагы ‒ Күн (к. Актинометрия ). Жарык нурлары жеке гана күндөн келбестен, ал жылдыздардан, жер бетинен, атм-нын жогорку кабаттарынан бөлүнүп чыгат (мис. түнкү асман жарыгы, уюлдук жаркыроо ж. б.). Бул кубулуштарды аэрономия изилдейт. Абада ар дайым аэрозоль күкүмчөлөрү (чаӊ, суу тамчылары, муз кристаллдары ж. б.) болот. Мындай кошундулар асмандын тунуктугун начарлантат. Сиӊген нур атм-нын жылуулук режимине таасир тийгизет. Абадагы суу тамчыларынын өлчөмү темп-ра м-н нымдуулукка жараша бол

гондуктан, асмандын өӊү да аларга байланыш туу. Күндүн нуру жерге же океандын бетине түшкөндө, бир бөлүгү сиӊип, калганы чагылат. Кыртыштын темп-расы сиӊген нурдан пайда болот. Жер бетинен чагылган нур кайра атм-га өтүп, аба ырайына таасир тийгизгендиктен, климат өзгөрүп турат. Жарыктын жаан тамчыла рынан чагылышы, сынышы ж-а дифракциясы к ө к ж е л е түрүндө көрүнөт.