АРАФАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:05, 14 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАФАТ– Мекеге жакын (20 км.дей) жайгашкан жердин аты. Сауд Арабстанында. Узундугу 11-12 кмге жеткен өрөөндөн жана аны түндүктөн чектеген жалча тоолордон турат. Арафат мусулмандардын эң негизги сыйынуу расмиси – ажылыктын (хадж) каадасы өтүүчү жер. Эл ичинде айтылган уламыштар боюнча Арафат тоосунун этегинде бейиштен куулган Адам ата менен Обо эне кездешкен. Бул жер ислам кабыл алынганга чейин Илал деп аталып, зыярат кылуучу ыйык жай болгон. Бүгүнкү күндө сыйынуучу жер катары дүйнөгө белгилүү.