АТМОСФЕРАНЫН СТРАТИФИКАЦИЯСЫ
Jump to navigation
Jump to search
‒ темп-ранын ж-а нымдуулуктун тик багыт б-ча бөлүнүшү. Тропосферада темп-ра бийиктеген сайын орто эсеп м-н ар бир 100 мге 0,6° төмөндөйт. Жер шарынын аймактарындагы массалар тынымсыз кыймылда болгондуктан темп-ранын тик багыт б-ча градиенти дайыма өзгөрүп турат. Кээде бийиктеген сайын абанын темп-расы өтө төмөндөйт. Мис., ар бир 100 м сайын 1°С. Мындай учурда А. с. туруксуз. Темп-ранын тик багыт б-ча градиенти эӊ эле аз же өзгөрүүсүз бир калыпта (изометрия) сакталат, кээде бир аз жогорулашы (инверсия) мүмкүн. Мындай абал атм-нын туруктуу стратиграфиясы болуп эсептелет.