АРАЛ кыштагы (Сузак)
15:18, 13 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АРАЛ кыштагы Сузак to АРАЛ кыштагы (Сузак)) тарабынан жасалган версия
АРАЛ – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Кара-Дарыя айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Сузак кыштагынан 28 км батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 36 км. Деңиз деңгээлинен 630 м бийиктикте. Калкы 6 778 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, бала бакча, ФАП, маданият үйү, клуб, китепкана, оорукана, байланыш түйүнү, техникалык сервис, базар бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.