АРАЛ -- суу менен чулганган кургактык
14:37, 13 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АРАЛ 1 to АРАЛ -- суу менен чулганган кургактык) тарабынан жасалган версия
АРАЛ– кургактыктын төрт тарабы суу менен чулганган бөлүгү. Материктен чаканыраак болот. Топтошуп жайгашкан аралдар архипелаг деп аталат (мисалы, Малайя, Канадалык Арктика архипелагдары ж. б.). Пайда болушу боюнча материктик (материктен бөлүнүп калган), жанар тоо жана коралл (шуру) аралдары болуп бөлүнөт. Дарыялар менен көлдөрдө арал шилендилерден жана эрозиянын аракетинен пайда бо-
Аралдын аты |
Аянты(миң км2) | Жайгашкан орду |
Гренландия | 2176,0 | Түндүк Муз жана Атлантика океаны |
Жаңы Гвинея | 829,0 | Тынч океаны |
Калимантан | 734,0 | Инди океаны |
Мадагаскар | 590,0 | Инди океаны |
Баффин Жери | 476,0 | Түндүк Муз океаны |
Суматра | 435,0 | Инди океаны |
Хонсю | 230,4 | Тынч океаны |
Улуу Британия | 230,0 | Атлантика океаны |
Виктория | 213,8 | Түндүк Муз океаны |
Элсмир | 203,0 | Түндүк Муз океаны |
Сулавеси | 170,0 | Инди океаны |
Түштүк Жаңы Зеландия | 150,0 | Тынч океаны |
Ява | 126,0 | Инди океаны |
Түндүк Жаңы Зеландия | 114,7 | Тынч океаны |
Ньюфаундленд | 111,0 | Атлантика океаны |
Лусон | 105,6 | Тынч океаны |
Куба | 105,0 | Атлантика океаны |
Исландия | 103,0 | Атлантика океаны |
лот. Дүйнөдөгү ири (аянты 400 миң км2ден ашкан) аралдар: Гренландия, Жаңы Гвинея, Мадагаскар, Калимантан, Баффин Жери ж. б.