АТМОСФЕРАНЫН РАДИОАКТИВДҮҮЛҮГҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ атмосферада радиоактивдүү заттардын болушу. Негизги пайда кылуучу булактары: 1) радиоактивдүү изотоптордун жер бетинен келиши; 2) табигый ядролук реакциялардын натыйжасында радиоактивдүү изотоптордун атм-да пайда болушу; 3) жасалма ядролук реакциялардын (ядролук жарылуулардын) эсебинен атм-да пайда болуучу радиоактивдүү изотоптор. Радиоактив дүү элементтердин табиятта (жер кыртышын да) минерал ж-а кенташ (руда) түрүндөгүсү ‒ уран м-н торий. Калгандары ‒ алардын радиоактив дик ажыроосунан гана пайда болгон хим. элементтер. Радиоактивдүү элементтердин (радий, торий, актиний) изотоптору: радон, торон, актиний. Алардын ичинен жер кыртышынан атм-га аба аркылуу кеӊири тараганы ‒ радон. Кургактыктын ар бир см2 аянтынын орто эсеп м-н 10 ‒7кюри радон атм-га өтүп турат. Радон атм-дагы майда бөлүкчөлөр м-н бирикпегендик тен, атм-нын радиоактивдүүлүгүн арттырат. Андан башка уран кендери, атом бомбасынын жарылуусу ж. б. да атм-нын радиоактивдүүлүгүн көбөйтөт. Бирок радиоактивдик ажыроодон, радиоактивдешкен аэрозолдордун гравитация лык, электрдик ж-а диффузиялык чөгүүлөрүнүн, алардын жаан-чачын м-н жер бетине түшүүсүнөн ж. б. натыйжасында атм-ра тазаланып, атм-нын радиоактивдүүлүгү салыштырма бир калыпта сакталып турат.