АРАБДАРДЫН ОРТО АЗИЯГА ЖОРТУУЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:25, 13 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

'АРАБДАРДЫН ОРТО АЗИЯГА ЖОРТУУЛУ– Араб халифатынын 8-кылымда ислам динин таратуу максатында Орто Азия менен Казакстан жергесине жасаган жортуулдары. 633-жылдан тарта бир кылымга созулган жүрүштөрдүн на­тыйжасында арабдар түштүктө Түндүк Африканы, батышта Франциянын Бурбон аймагына чейин,чыгышта Синд (Инд) дарыясына чейинки аймактарды багындырып, империяга айланган. Андан ары арабдар Палестина, Сирия, Ирак, Иран, Афганистанды караткан. Халиф Абд ал-Маликтин, андан соң анын уулу халиф ал-Валид 1нин мезгилинде (705–715) арабдардын Орто Азияга жор­туулдары башталган. Атактуу араб кол башчысы, Хорасандын наместниги Кутейба ибн Мус­лим 710–712-жылдары Бухара менен Самаркандды, Хо­резмди каратып, 713-жылы Сыр-Дарыядан өтүп, Фергананы жана Шашты (Ташкент) ээлейт. Халиф Умар IIнин мезгилинде 719-жылы арабдар Согдуну басып алышат. 751-жылы июлда Талас өрөөнүндөгү Атлах шаарынын жанында Тан династиясынын аскерлери менен Араб халифатынын аскерлеринин ортосунда салгылашуу болуп өткөн. Согуштун жүрүшүндө Тан аскерлери чоң жоготууларга учурап, карлуктардын, ж. б. жергиликтүү элдердин колдоосу менен арабдар жеңишке жетишкен. 812–817-жылдары арабдар Фергананын борбору Касанды басып алган. 875-жылы халиф ал-Мутамид Саманиддер династиясынан чыккан Наср ибн Ахмедди Мавераннахрдагы бардык провинцияларга наместник кылып дайындайт. Алардын тушунда Мавераннахр жана Фергана аймагы толугу менен Араб халифатына караган. Караханиддердин мезгилинде 960-жылы ислам дини мамлекеттик дин деп жарыяланып, атайын мыйзам менен бекитилген. Натыйжада арабдардын тили, жазмасы, материалдык жана рухий маданиятынын элементтери жергиликтүү элдерге таркаган. Ошол эле учурда жергиликтүү элдер да араб маданиятынын ( к. Араб маданияты) калыптануусуна зор таасирин тийгизген.
Ад.: Ислам. Энциклопедия. А., 1995; Ирмияева Т. Ю.История мусульманского мира. От Халифата до Блистательной Порты. Урал, 2000.