АРАБАЕВ Автандил Анисович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:24, 13 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АРАБАЕВ 1 to АРАБАЕВ Автандил Анисович) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБАЕВ Автандил Анисович (11. 8. 1962-жылы туулган, азыркы Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары) – юрист, юридика илимдеринин доктору (2008), профессор. КРдин эмгек сиңирген юристи (2009). Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1981), Фрунзедеги орус тили жана адабияты педагогика институтун (1986), КМУнун кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу ин-ститутун (2000), Казакстан Республикасынынын УИА-сынын мамлекет жана укук институтунун аспирантурасын (2001) бүткөн. 1986–2018-жылдарда Фрунзедеги орус тили жана адабияты педагогика институтунда, эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясында, КМЮАнын мыйзамдуулук жана салыштырмалуу укуктук изилдөө институтунда, Кыргыз-Казак юридикалык жана мамлекеттик кызмат академиясында, Ж. Баласагын атындагы КМУнун юридика институтунда окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы, директор, КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аппаратында улук консультант, сектор башчысы, эл аралык иштер, парламенттер аралык байланыш жана протокол бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2018-жылдан ЖАМУда юридикалык факультеттин деканы, «Укук жана саясат» илимий-методикалык журналынын башкы редактору. 2007-жылы КР ЖКнын депутаты (IV чакырылышы) болуп шайланган.