АРАБ ЖАЗУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:22, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБ ЖАЗУУСУ– Батыш Азияда жана Түндүк Африкада кеңири тараган жазуунун бир түрү.

Биздин эранын 4-кылымына чейин Аравияда арамей жазуусунун негизинде пайда болгон. 28 тамгадан турат, анын ичинде 3 тамга үндүү, калганы үнсүз. Тамгалары өз алдынча турушуна, сөз башында, сөз ортосунда же сөз аягында келишине жараша эки же

төрт түрдүү форма­

АРАБ ЖАЗУУСУ 27.png

да оңдон солду карай жазылып жана окулат. Араб жазуусу латын алфавитине өткөнгө чейин СССРдеги түрк элдеринде колдонулган. Мындан сырткары, Индонезия, Иран, Афганстан, Түркия, Малайзия өңдүү өлкөлөр да пайдаланышат.