АТМОСФЕРАДАГЫ СУУ БУУСУНУН КОНДЕНСАЦИЯСЫ
Jump to navigation
Jump to search
‒ абадагы суу бууларынын суюктукка (тамчыга) айланышы. Ал суу буусуна каныккан абанын муздак заттарга тийишинен пайда болот. Таштарда, дубалдарда, бак-дарак тарда же аба конденсациясынын ядролорунда көп байкалат. А. с. б. к. буунун серпилгичти гине, темп-расына, электр зарядына, тамчынын өлчөмү м-н хим. курамына байланыштуу. Атм-да конденсация ядролору бууга айланган туздардан, метеориттердин күйүшүнөн, токойлор дун өрттөнүшүнөн, түтүндөрдөн, космостук чаӊдардан, бактериялардан ж. б-дан пайда болот. Конденсациясынын негизинде атм-да булуттар, тумандар, жаан-чачындар, жер бетинде шүүдүрүм, бубак, кыроо ж. б. келип чыгат.