АПСИЕВ Моңош

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:36, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПСИЕВ (Абзиев) Моңош (13. 8.1938-жыл, Нарын облусу, Нарын району, Кара-Булак айылы) – контрабасчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1996). 1958-жылы М.Күрөңкөев атындагы

АПСИЕВ 20.png

музыкалык окуу жайын бүтүргөн. К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштеген. 1958–1963-жылдары Алматы шаарындагы Курмангазы атындагы консерваторияда окуган. 1963–1966-жылдары кайрадан К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде солист, 1966–1967-жылдары А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын симфониялык оркестринин контрабас тобунун концертмейстери. 1967-жылдан Кыргыз улуттук теле­радиосунун симфониялык оркестринде эмгектенген. Кыргыз композиторлорунун ондогон аспаптык жана башка чыгармаларын контрабас үчүн иштеп чыккан. Медалдар менен сыйланган..