АППОРТГОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:27, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АППОРТГОР (англ. contridution of capital) – акцияга төлөө үчүн акционердик коомго түшкөн мүлк. Булар товарлар, соода жана өнөр жай ишканалары, акча капиталынын белгилүү бир суммасына теңештирилүүчү жана баалануучу курулуштар түрүндө берилиши мүмкүн. Көпчүлүк учурда уюштуруучулар түзүлүп жаткан акцио­нердик коомдорго Аппортгор катары жогорку баа менен өз ишканаларын жана товарларын беришет да, натыйжада мүлктүн анык баасына салыштырмалуу алар акцияларды кыйла арбын алышат.