АПОФИЗА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:50, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПОФИЗА (гр. apophysis – бутак) – жанаша жаткан тоотектердин арасына магмалык тулкудан бутакча болуп тараган ичке тарамдар. Магмалык тулку менен Апофизанын байланышы түздөн-түз байкалып, курамы боюнча ага тектеш келет, бирок ал майда кристалдуу же порфирлүү структуралык түзүлүштөрү менен айырмаланат. Негиз­ги кенташ тарамдарынан тараган майда тарамчалар да кээде Апофиза деп аталат.