АПОГЕЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:09, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПОГЕЙ (апо... жана гр. ge – Жер) – 1) бир нерсенин эң жогорку баскычы. Көркөм чыгармада конфликттин апогейи, сюжеттин апогейи ж. б. болушу мүмкүн; 2) Айдын жана Жердин жасалма жандоочторунун орбита боюнча айлангандагы Жерден өтө алыс чекити. Астрономияда «апогей» термини жерди туюк орбита боюнча айлануучу асман телолоруна гана тиешелүү.