АПИА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:56, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПИА – Самоа Батыш мамлекетинин борбору жана жалгыз шаары. Тынч океандагы Уполу аралынын түндүк жээгинде жайгашкан. Өлкөнүн тышкы соода порту. Калкы 36,4 миң (2010). Тынч океанды кесип өткөн деңиз жолдор тоому. Кемелер токтоочу жай. Эл аралык аэропорту бар. Европалыктар келгенге чейин (1830) кичинекей кыштак болгон. Порт негизделгенден баштап тез темп менен өнүгө баштаган. Германиянын ээлиги мезгилинде администрация борбору (1899), көз карандысыздыкка ээ болгондон (1962) борбор. 1890-жылдан 1894-жылга чейин шотландиялык жазуучу Р. Л. Стивенсон (Вайлимада жазуучунун күмбөзү, үй-музейи бар) жашаган. Улуттук университет (1984-жылдан), Түштүк-Тынч океан университетинин (1977) карамагында айыл чарба мектеби бар, автомобиль кураштыруу заводу иштейт. Сыртка копра, банан, какао чыгарат.