АПАЧИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:30, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПАЧИ, а п а ч е (өздөрүн дине, нде, тинде деп аташат) – АКШнын түштүк-батышындагы индей – атапаска элдеринин тобу. Aпачи уруулары Аризона, Нью-Мексико, Оклахомадагы резервацияларда жашашат. АКШнын Калкты каттоо бюросунун маалыматы боюнча Апачи уруулар тобуна кирген калктын жалпы саны 111 810, анын ичинде «таза кандуу» Апачилер 63 193 адамды түзөт (2010). Апачи атабаск тилинде сүйлөшөт, англис жана испаи тили да кеңири колдонулат. Дини – христианчылык, ошондой эле шаманизмди туткандар, баптисттер ж. б. бар. Апачилерге тектеш элдер – навахолор. Апачи 6 топко бөлүнөт: батыш Апачилер, чирикауалар, мескалеролор, хикарильялар, липандар, кайова Апачилер. Апачилердин 14–15-кылымдарда АКШнын түштүк-батышына жана Мексиканын түндүгүнө миграцияланышы алардын этникалык өзгөрүшүнө алып келген. Апачилер аңчылык (кийинчерээк европалыктардын таасири менен атчан аңчылык кеңири жайылган), жер-жемиш жыйноочулук, дыйканчылык менен кесиптенишип, алачык жана бадал жыгачтарынан салынган жупуну үйлөрдө жашашкан. Апачилер 1886-жылга чейин испандык (1540), мексикалык жана америкалык (1845) колониялаштырууга каршы туруктуулук менен күрөшүп келишкен. 1850-жылы Апачилерди резервацияларга көчүрүү башталган. Азыркы мезгилде чарбачылыктын жаңы тармактары: мал чарбачылык, фермердик, то­кой иштетүүчүлүк ж. б. өнүгүп жатат.