АНХАЛЬТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:37, 11 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНХАЛЬТ, А́ н г а л ь т – тарыхый облус. Борбордук Германиянын Саксония-Анхальт жеринде жайгашкан. 12-кылымда Анхальт графтыгы, 1212-жылы Анхальт княздыгы, 1863-жылы Анхальт герцогдугу түзүлгөн. 1871-жылдан Германия империясынын курамында. 1918-жылы Германияда монархия кулатылгандан кийин Анхальт эркин мамлекетке айланган. 1945-жылы Анхальт саясий бирдик катары өзүнүн саясий жашоосун токтоткон. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Анхальт советтик оккупация зонасына кирген. Советтик аскер администрациясы 1947-жылы Анхальтты Саксония менен бириктирип, Саксония-Анхальт аймагына кошкон. 1949-жылы октябрда ГДРдин түзүлүшү менен Саксония-Анхальт аймагы анын курамына кирген. 1991-жылы Германия бириккенден кийин административдик реформа жүргүзүлүп, 1994-жылы Саксония-Анхальт аймагында Анхальт-Цербст району түзүлүп, байыркы тарыхый аталышын калыбына келтирген.