АНТРОПОМОРФИЗМ
16:02, 11 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АНТРОПОМОРФЙЗМ to АНТРОПОМОРФИЗМ) тарабынан жасалган версия
АНТРОПОМОРФИЗМ (антропо... жана ...морфизм) – материалдык жана руханий объекттерге: тоо-таштарга, жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө, мифологиялык каармандарга (күчтөргө) адам сапаттарын ыйгаруу. Бул көрүнүш байыркы диний ишеничтер менен тыгыз байланыштуу. Ал тууралуу кыргыздын көөнө фольклорунан көрөбүз. Анда жаныбарлар (айбанат, канаттуу) жана жансыз нерселер адамча сүйлөйт («Эр Төштүк» эпосундагы – Чалкуйрук, «Кожожаштагы» -Сурэчки, «Кыямат» романындагы – Акбара).