АНТРОПОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:24, 8 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОЛОГИЯ (антропо... ж-а ...логия) адамдын дене түзүлүшү ж-а психикалык абалын, социалдык ишмердүүлүгүн ж-а маданиятын изилдөөчү илимдердин жыйындысы. Антропология терминин алгач Аристотель киргизген. 19-к-дын ортосунан антропологиянын илимдеги орду, мазмуну жөнүндө эки түрдүү көз караш калыптанган. 1) Антропология илим катары адамзаттын табигый тарыхын, материалдык ж-а рухий маданиятын, психологиясын, тилин ж. б. изилдейт. Мындай көз карашты АКШ, Батыш Европа элдеринин антропологдору колдогон. 2) Мейкиндикте ж-а мезгилде адамзат организминдеги өзгөрүүлөр, алардын закондору, аны башкарган факторлор жөнүндөгү илимге маани берүү. Бул көз карашты негизинен советтик жана орус окумуштуулары жактаган. Антропология терми­ни Европа, Россия ж-а Түндүк Америка өлкөлөрүндө илимдин үч тармагын – социалдык же маданий антропология (этнография), физикалык же биологиялык антрополгия (А-нын өзү), кээде лингвистиканын тарыхын ж-а археологияны түшүндүрүү үчүн колдонулат. Социал­дык (маданий) антроплогия термини негизинен Улуу Британияда жана Түндүк Америка өлкөлөрүндө кабыл алынган. Социалдык антропология – адамдын социал­дык ишмердүүлүгүн ж-а маданиятын изилдейт. Ал этнографиялык баяндамаларга таянат. Байыркы жазуучулар – тарыхый ж-а географиялык эмгектердин авторлору (Геродот, Ксенофонт, Страбон, Г. Юлий Це­зарь, Тацит, Клавдий Птолемей ж. б.) ар түрдүү элдердин маданияты жөнүндө алгачкы маалыматтарды чогултушкан. Орто кылымда Араб авторлору (Бируни, Масуди, Ибн Фадлан ж. б.) Чыгыштагы ж-а Россиядагы европалык саякатчылар (Дж. Да Плано Карпини, Марко Поло, В. Рубрук) колониялык доордогу деңиз саякатчылары (X. Колумб, Ф. Магеллан, Дж. Кук ж. б.) жана миссионерлер (Д. де Ланда, Ж. Лафито ж. б.) элдердин тарыхы ж-дөгү баяндамаларды кал­тырышкан. 20-к-дын ортосунда уруучулук систе­ма, нике ж-а бийлик мамилелери, турмуштук үрп-адат, салттар, ритуал, мифология, фольк­лор ж. б. б-ча ири материалдар жыйналып, аккультурация жана маданий инновация ж. б. изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Социалдык антропологияда да бул маалыматтарды системалаштыруу үчүн статис­тика методу, тарыхый маселелерди чечүүдө, та­рыхый изилдөөлөрдө тарыхый антропология методу, ошондой эле социологиялык, психологиялык, лингвистикалык ыкмалар колдонулган. Дифференциялык тематикалар жана ыкмалардын негизинде социалдык антропология ар түрдүү багыттарга: эко­номикалык, саясий, юридикалык, педагогикалык, лингвистикалык, психололгиялык, балдар антропологиясы, гендердик антропология, медициналык, музыкалык, шаардык, конфликттик антропология, визуалдык антропология ж. б. бөлүнгөн. Физикалык (биологиялык) антропология – биологиянын бир бөлүгү, адам­заттын биологиялык өзгөчөлүктөрүн, табигый тарыхын жана адамдын организминин жекече өнүгүүсүн изилдейт. Физикалык антропологиянын негизги багыттары: ан­тропогенез жөнүндөгү окуу, палеоантропология, популяциялык антропология ж-а раса таануу илими, этностук антропология, физиологиялык антропологиялык, конституциялык антропология ж. б. Адамдын морфологиясын изилдөөдө антропология илими антропометрия, одонтология, краниология жана дерматоглифика методдорун кеңири колдонгон. Адамдын баш сөөгүнүн өзгөчөлүктөрүн изилдөөнүн негизинде адамдын баш сөөгү боюнча анын түспөлүн калыбына келтирүүдө советтик антрополог М. М. Герасимов, ошондой эле П. Брок, Р. Мартин, Л. Лики, А. П. Богданов, Д. Н. Анучин, В. В. Бу­нак, Я. Я. Рогинский ж. б. окумуштуулардын антропология илимине кошкон салымы зор. Окумуштуу­лардын изилдөөлөрүнө караганда кыргыз элинин жалпы антропологиялык тиби европеоид жана монго­лоид тектеш расалардын аралашуусунан пайда болуп, түштүк сибирь – тураноид расасына кирет. к. (түштүк сибирь кичи расасы). Учурда физикалык <anom>A</anom>-да иммунология, физиология, молекулярдык жана популяциялык генетика, биометрия методдору пайдаланылат.
Ш. Керимова.