АНТРОПОЗООНОЗДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 8 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОЗООНОЗДОР (антропо... жана гр. zoon — жаныбар, nosos – оору, ылаң, илдет), з о о а н т р о п о н о з д о р – адам менен малга жалпы тиешелүү жугуштуу жана инвазиялуу оору, ылаң. Буга туберкулёз, сибирь кулгунасы, бруцеллёз, шарп, кутурма, чума, туляремия, эхинококкоз, трихинеллёз ж. б. кирет. Алардын козгогучу ыландаган же таза малда да болот. Ылаң адам­га көбүнчө малдын кайнатылбаган сүтүн, чала бышкан этин пайдаланганда, ылаңдуу малды бакканда, ветеринариялык жардам көрсөтүүдө ж. б. жугат. Антропозоноздордон айырмаланып зооноздор малдын (бодо мал, кой, эчки, чочко ж. б.) гана ылаңын козгоп, адамга жукпайт. Антропозооноздордун көбүнүн (тулярере­мия, чума ж. б.) табигый очогу – ылаң чыккан жер. Анда ьлаң козгогуч жаныбарлардын (суур, чычкан, курт-кумурска ж. б.) биринен экинчисине өтүп сакталат. Алдын алуу: Антропозооноздорду өз убагында аныктап, оорунун очогун жок кылуу, илдеттүү малды бөлүп багуу, вакциналоо, кан сары суусун куюу, карантин чектөө.