АНТИСЕМИТИЗМ
Jump to navigation
Jump to search
АНТИСЕМИТИЗМ еврейлерге карата этникалык жана диний жактан жерүү саясаты; аларды чектеп, куугунтуктап, массалык түрдө кырууга багытталган шовинизмдин өтө ашынган формасы. Антисемитизм термини 19-к-дын 70–80-жылдарында пайда болгон. Узак мезгил бою антисемитизм улут аралык чатактарды туудурган каражат катары саясий күчтөр тарабынан пайдаланылган антисемитизмдин ашынган түрү германдык фашизмдин негизги идеясына айланган. Натыйжада Германиядагы жана немецтик-фашисттик аскерлер каратып алган аймактарда 1938–45-ж. 4-6 млнго чейин еврей калкы жок кылынган.