АНТИПРОТОН
Jump to navigation
Jump to search
АНТИПРОТОН (р ) – протондун туруктуу (стабилдүү) антибөлүкчөсү. Антипротон менен протондун массасы жана спини барабар, электр заряды жана магнит моментинин абсолюттук чондугу бирдей, бирок белгилери карама-каршы. Антипротондун электр заряды терс маанилүү. 1955-ж. О. Чемберлен, Э. Сегре ж. б. (АКШ) табышкан. Бариондордун сакталуу законуна ылайык антипротон менен протон бирге пайда болушат. Антипротон жуп бөлүкчөлөр эки бош протон кагылышканда пайда болот. Антипротон зат аркылуу өткөндө аннигиляцияланып, жаңы бөлүкчөлөрдү пайда кылат.