АНТЕРИДИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:33, 8 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТЕРИДИЙ (гр. antheros – гүлдөгөн) – споралуу өсүмдүктөрдүн (балырлар, мамык чөптөр) жана кээ бир козу карындардын (аскомицеттер, хитридиомицеттер) аталык жыныс органы. антеридийде сперматогендик клеткадан кыймылдуу (кызыл балырларда кыймылсыз) аталык гамета - сперматазоиддер пайда болот. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө сүйрү же тоголок денече түрүндө болуп, капталы бир же бир нече катмар стерилдүү клеткалардан турат. Аскомицеттерде антеридийде айрым гаметаларга бөлүнгөн, анын ичиндеги суюктук энелик клетканы уруктандырат.