АНТАРКТИКА ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:06, 8 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТАРКТИКА ЖАРЫМ АРАЛЫ (1961-жылга чейин советтик жана англиялык карталарда Грейама жери, америкалык картада Палмера жарым аралы, чили картасында О’Хиггинс жери, аргентина картасында Сан-Мартин жери аталган) – Антарктида аймагынын бир бөлүгү. Болжол менен 1200 кмге түндүккө Түштүк Американы карай созулат. Жазылыгы 200 кмдей. Бийиктиги 4191 мге чейин. Борбордук бөлүгүн мөңгүлүү плато (бийиктиги 1500–2000 м) ээлейт. Жээгинин айрым жеринде муз каптабаган тоо массивдери кездешет. Антарктика жарым аралында антарктидалык илимий станциялардын 1/4 жайгашкан.