АТЛАС тоолору

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
А т л а с т о о л о р у ‒ Африканын түн.-батышындагы тоо системасы. Марокко, Алжир ж-а Тунис өлкөлөрүнүн аймагында. Уз.
АТЛАС32.png

2000 кмдей. Эӊ бийик жери Марокконун аймагында ‒ Тубкаль чокусу, 4165 м. Мында негизинен жарыш кырка тоолордон (Эр-Риф, Ортоӊку Атлас, Бийик Атлас, Анти атлас), ички калдык платолордон (Бийик плато, Марокко Месетасы) ж-а денудациялык-аккумуляциялык түздүктөрдөн турат. Деӊиз деӊг. орт. бийикт. 2000‒2500 м. Бийик кырка тоолорго рельефтин альп формалары мүнөздүү. Алжирдин чыгышын да А. кыйла ичкерип, жапыздайт; Тунистин ай магында жапыз тоо ж-а дөӊсөөлөрдөн (Тунис Атласы) турат. А. альп-гималай кырчоосунун батыш бөлүгүндө соӊку тектон. кыймылдын натыйжасында, негизинен палеогендин аягында ж-а неогенде пайда болгон; азыркы кезде да жертитирөөлөр болуп турат. Негизинен мергель, түрдүү чопо ж-а акиташ тоотектеринен турат; байыркы жанар тоо тектери кездешет. Темир, коргошун-цинк, кобальт (Бу-Аззер), фосфорит, нефть кендери бар.
А. субтропик алкагында жайгашкан, климаты жээктерде жер ортолук деӊиздик, калган бөлүгүндө жарым чөлдүү. Батыш ж-а түн. капталдарында жаан-чачын арбын (1000‒1800 мм) жаайт; көп бөлүгүнүн жаан-чачыны 400‒600 мм, түш. бөлүгүндө 300 мм ж-а андан да аз. А-тан Умм-эр-Рбия ж-а Шелиф д. башталат. Топурак-өсүмдүктөрүнө бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Түн. ж-а түн.-батыш капталдарында 800‒1200 м бийиктикке чейин дайыма жашыл таш ж-а тыгын жалбырагы катуу дарактар, эмен, 1700 мге чейин дайыма жашыл, жайкысын жашыл жазы (эмен, акчечек) ж-а ийне жалбырактуу аралаш токой, 2200 мге чейин ийне жалбырактуу (негизинен атлас кедри) токой мүнөздүү. Ички каксоо жерлеринде ж-а түштүгүндө бадал (спарта ж. б.) ж-а дан өсүмдүктөрү (шыбак, эрмен) өсөт. А-тын түн. аймактарынын ландшафты адамдын чарбалык ишинин натыйжасында өтө өзгөргөн. К. Жумашев.