АНТАБЛЕМЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:45, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТАБЛЕМЕНТ(фр. entablement) – горизонталдык төрт кырдуу устундар системасынын архитектуралык образын түзгөн ордердин жогорку бөлүгү.

Классикалык архитектуранын ордериндеги айрым бөлүктөр: архитрав, фриз жана карниз антаблементи түзөт. Бул бөлүктөрдүн бийиктик катыштары ар кайсы доорлордун ордерлери менен курулуштарында ар башка болгон. Көп учурда фриз бийиктиги боюнча архитравга барабар же андан бир аз бийик болот. Ал эми карниз фризге барабар же яттдятт бир аз чоң болот. Антаблементтин бийиктиги жалпысынан колоннанын бийиктигине болжол менен 1х4дей тиешелүү.