АНОШИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:39, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНОШИН Александр Григорьевич (1878, Нижний Новгород губерниясы, Любянцы кыштагы – 1958) – Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкандардан. 1905–07-ж. Уфа жана Омск шаарында революцияга катышкандыгы үчүн Түркстан крайына айдалган. Биринчи дүйнөлүк согушта аскерге алынып, солдаттардын согушка каршы чыгууларына катышкан. Февраль революциясынан кийин Ош шаарында большевиктердин алгачкы тобун уюштурган. Анын жетекчилиги менен уезддик борбордун большевиктери 1918-ж. Убактылуу өкмөттүн бийлигин кулатып, Совет бийлигин орнотушкан. Ошол эле жылы мартта РКП (б)нын Ош уезддик-шаардык комитетинин биринчи председатели, Ош уездинин аскер комиссары болуп шайланган. 1918-ж. басмачыларга каршы күрөштү уюштуруп, аны жетектеген. 1919–24-ж. Өзбекстанда жооптуу кызматтарда иштеген.