АННАЛЧЫЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:09, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АННАЛЧЫЛАР – жыл сайын болгон окуяларды баяндап жазуучу байыркы рим тарыхчылары. Анналчылардын чыгармалары патриоттук багытта жазылгандыгы менен айырмаланган. Алар улуу (б. з. ч. 3–2-к-дын 1-жарымы), ортончу (б. з. ч. 2-к-дын 2-жарымы) жана кенже (б. з. ч. 1-к-дын 1-жарымы) анналчылар болуп бөлүнөт. Улуу анналчылар анналдарды, фасталарды, үй-бүлө хроникаларын, өз көзү менен көргөн кишилердин айтып бергендерин жана өз байкоолорун пайдаланышкандыктан, жазгандары чындыкка жакын болгон. Алар негизинен грек тилинде жазышкан. Улуу анналчылардан Квинт Фабий Пиктор, Л. Цинций Алимент, М. Порций Катон Старший ж. б. өзгөчө белгилүү. Ортончу анналчылар улуулар пайдаланган булактардан эле пайдаланышкан, бирок баяндоолорун кызыктуу, күлкүлүү окуяларды кошуу (Л. Кассий Гемина), мифтерди түшүндүрүү аракеттери менен (Л. Кальпурний Пизон) күчөтүшкөн. К е н ж е анналчыларга Клавдий Квадирагарий, Валерий Анциат, Элий Туберон ж. б. кирет. Ортончу жана кенже анналчыларга латын тилинде жазышкан. Анналчылардын чыгармалары бизге чейин келип жеткен.