АНЕТО
Jump to navigation
Jump to search
АНЕТО, Пико-де-Ането – Пиренейдин эң бийик чокусу. Испанияда. Бийиктиги 3404 м. Маладета тоо массивинде жайгашкан. Негизинен гранит, төмөнкү бөлүгү аки таш тегинен турат. Кар катмары жана чакан мөңгүлөрү бар. Байыркы мөңгөлөрдүн издери сакталган. Капталынын этегинде бук, эмен жана каштандан турган токойлор өссө, 2300–2400 мге чейин бадал, ийне жалбырактуу карагайлар, андан жогору альп шалбаасы өсөт. Чокуга алгач 1787-ж. француз табият таануучусу жана саякатчы Л. Рамон чыккан.