АНДРИЕВСКИЙ Ростислав Александрович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:51, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДРИЕВСКИЙ Ростислав Александрович (1933, Украина, Киев – 2016, Бишкек) – техника илимдеринин доктору (1969), профессор (1971), Кыргыз ССР ИАнын корреспондент- мүчөсү (1984). Киев политехникалык институтун (1955) бүтүргөн. УССР ИАнын металл-керамика институтунун илимий кызматкери, лаборатория башчысы, Подольск илим-изилдөө институтунда бөлүм башчы, М. В. Ломоносов атындагы МИТХТтын профессору, Кыргыз ССР ИАнын физика институтунун директорунун орун басары, Россия ИАнын жаңы химиялык проблемалар институтунун башкы илимий кызматкери. Металлургия жана материал таануу боюнча адис. 350дөн ашык илимий эмгеги жарык көргөн,

АНДРИЕВСКИЙ 88.png

анын ичинен 9 монография, 50 автордук күбөлүктүн ээси.
Эмг.: Фазы внедрения (в соавторстве). М., 1977; Введение в порошковую металлургию. Ф., 1988; Порошковое материаловедение. М., 1991.